Свернуть поиск
Правая колонка
1-БӨЛҮМ
Жайдын толуп турган кези,бир колунда көтөргөн баласы,
бир колунда баштыгы ,эскерип өңү өчө түшкөн жоолук салынган келин сылтып басып жолдун берки бетинен аркы бетти көздөй өтүп бара жатты.
Жолдун так ортосуна жеткенде,эскерип эскичилиги жеткен баштыгынын боосу үзүлүп жерге түштү,баштык ичинде бир сындырым нан он чактыдай алмасы чачылып кетти.
Ар жактан катуу келе жаткан унаа кыыйч эттире үн чыгарып токтоп калды.
Айдоочу шашылыш чуркап чыгып,амансыңарбы?
деп келиндин колундагы баланы көтөрүп ала койду.
Арзыгүл айдоочуга карап:биз жакшы элибиз күнөө менде кечирип койуңуз деп Кайраттын колунан уулун алып жөнөп кетти.
Кайрат сылтый баскан Арзыгүлдү артынан узата тиктеп кала берди.
Арзыгүл турмушка эрте чыккан эле,колундагы баласы үчүнчү жолдошунан,Арзыгүлдүн мурунку чыккан эки жолдошу тең каза болуп калган эле.
Ошондон улам айылдагылар Арзыгүлду ,,Кара жолтой келин "
деп айтышаар эле.
,,Кара жолтой келин"деп аталган менен оокатка тың ,тил оозу жок келин деп макташчу айылдагылар.
Арзыгүл мурдакы жолдоштору менен аз эле убакыт жашагандыктан балалалуу болбогон экен.
Минтип үчүнчү жолдошу менен жыл ашырып жашап гана бир уулдуу болушуптур.
үчүнчү жолдошунун аты Кадыр ,Арзыгүлдү сыртынан көрүп жактырып жүрүп,ага үйлөнөм дегенде ата -энеси каршы чыгып ал Кара жолтой келин деп так секирип көнбөй коюшкан болчу.
Бирок Кадыр ата-энеснин каршылыгына карабастан Арзыгүлдү үйүнө алып келет,
Уулунун бул кылыгына нааразы болгон ата -энеси келинге жоолук да салбай,а тургай батасын да беришпей шаарга чоң кызыныкына кетип калышат.
Кадыр Арзыгүлдү бир чети аяса,бир чети сүйүп ,кандай тагдыр болсо да бирге болобуз деп сөз берет.
Кадырдын ата -энеси ,басса турса уулунун амандыгын тилеп ,жалбарып жашап калышты.
Күндөр зымырап өтүп жатты,
келинди көп эле жактыра бербеген кайын энеси башыңа жоолук салын деп эски жоолукту ыргытып берди.
Үн сөзү жок келин,үй оокаттын кылып эшигин да шыпырып бардыгына көз жумуп жашоону чечти.
Уландысы бар...

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 38
Бул сайтта эми аягына чыкса болду