Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
2-болум
Ата энемдин өлүмү өтө оор тийгендиктен чачтарым агарып,жашым 21 жашта болсо да кадимкидей карый түштүм.Мен өзүмдү өзүм алаксытуу үчүн,баш отум менен ишке киришип кеттим.Ошол боюнча иштеп жүрүп,турмушка чыккан жокмун.Бир күнү коншубуздун туугандары өтүп,бата кылып коеюн деп үйүнө кирип калдым.Коншум мага Бурул,мына биздин тайэжебиз отуп кетти,ал да өмүр бою турмушка чыккан эмес эле.Башында ыйлап турар баласы жок,туугандары сөөгү муздай электе байлыгын бөлүштүрүп жатышат.Турмушка чыкпасаң да,бир баланы багып ал, эртең көз жумсаң башында ыйлап турар балаң болуш керек деди.Ошол күндөн баштап,мен бала багып алуу жөнүндө же турмушка чыгуу керек деп ойлоно баштадым.Биз коңшулар аябай ынтымактуу элек,бир күнү бир коңшум мага эки баласы менен ажырашып кеткен тууганын тапты.Жашым ошол мезгилде отуз жети жашка чыгып калган,ойлонгудай жаш кыз эмес элем.Бат эле макул болуп,улуу агама, эжеме чалып, жакында жуучулар барат экенин,мен турмушка чыгаарымды айтканда,бир туугандарым каршы болбой, кайра колдошту.Апамдын бир тууган иниси таякем,кайын атама силердин баланар мурда той көргөн болсо,биздин кызыбыз той көргөн эмес,ак көйнөк кийип чыксын,ак көйнөк менен алып чыгасыңар дегенде,кайын атам жок той кыла албайбыз деди,анда мен турмушка чыкпайм,менин да ак көйнөк кийүү тилегим болгон десем,кайын атам акыры макул болуп,мени ак көйнөк кийгизип,той менен турмушка чыктым.Жолдошум көп бир тууган, үйү да үч эле бөлмөлүү болгондуктан,биз башка бөлүнүп жашоого туура келди.Айылда эмне иш кылаарыбызды билбей,Бишкекке барып иштейли деп чечтик.Жолдошум менен беш жыл жашадым.Бир күнү күйөөмө ажырашам,мен балдарымды өзүм карайм,сиз айылга бара бериңиз деп ажырашпайм деген оюна койбой, балдарымды алып башка квартирага чыгып кеттим.Мен күйөөм менен ажырашканыма эч качан күйөөмдү күнөөлөй албайм.Бардык күнөө өзүмдө,мен сабырдуу болгон жокмун.куйоом экөөбүздүн көз карашыбыз такыр башка болгону да ажырашууга туура келди окшойт.Ажырашкан үчүн айыптын баары менде,мен үй бүлөнү сактай албадым, күйөөмдүн анда санда тапкан акчасына канаттанган жокмун.Жолдошумдан ажырагандан кийин,кыйналсам да,эч кимге билдирбедим.Бишкекке келгенден кийин,банкка иштебей калган элем.
Автор; Салтанат Митиева.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2