Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
5-болум
Балдарын аяп,керек эмес деп такыр албайт эле,бул Акимова да дал ошондой, туугандарын кыйнагысы келбейт, башкалар бир күн кечиксе,эмнеге менин туугандарым менен жолугушуу жазбайсыз деп тополоң кылышат деп айтканда,мен эмнеге кабыл алуум керек,мен мага келүүсүнө арзыбайм.Агам аялымдан,эжем жездемден сиңдине ташып жатасың деп уруш угуусун каалайбайм деп эжеме жолуккум келип жатса да жолугууга каршы болдум.Абакта беш жыл балдарымды,бир туугандарымды көргөн жокмун.Беш жылдан кийин,2016-жылы Россияда көптөн бери иштеп жүргөн агам келип,кайра кайра түрмө башчысына кирип,эмнеге карындашымды көргөнү мүмкүн эмес,ал демек тирүү эмес дей бергенинен,абак жетекчисинин түшүндүрүүсү менен өзүм жазган арызды кайра алып,агам менен жолуктум.Кирип эле карындашым менин деп кучактап, көпкө чейин кое бербей,кечир карындашым,кечир деп ыйлай баштады.Эмнеге кечирип сурап жатасың,кайра мен силердин жүзүңордү жер караттым,мен кечирим сурашым керек десем,жок карындашым,убагында биз сенин кыйналганынды билип жардам бергенибизде,сен ушул күндү көрбөйт элен деп, өксүп өксүп ыйлап кирди. Балдарымдын балдар үйүндө экенин укканда,мен тирүү экенмин, балдарың эч кандай балдар үйүндө чоңойбойт,мен алып кетем,сенин балдарың балдар үйүндө чоңоюп атса,мен кантип баш көтөрүп жүрөм дегенде,мен каршы болдум.Кой ага, эртең сен Россияга кетсең,балдарым дагы арасат болот деген сөзүмө,мен сенин балдарыңды өзүмдүн балдарыма кошуп карайм,эч жакка кетпейм деп мени көндүргөну аракет кылган менен,мен такыр көнбөй койдум.Менин балдарым деп агамдын жеңем менен урушуп калуусун каалаган жокмун.Балдар үйүнүн тарбиячысынын коштоосу менен мен ошол жылы балдарымды да кордум.Балдарым чоноюп калышыптыр.Билинбей жатып тогуз жыл отуруп коюптурмун,арада дагы алты жыл бар.Кээде отуруп, жөн гана отурган он беш жыл үчүн ичим ачышат,кээде туруп, күйөөмдүн аз тапканына шүгүр кылбадым эле,Аллахтын жазасы деп ойлоп калам.Буйруса дагы алты жыл отурсам,аман эсен балдарымдын жанына барам.Ага чейин балдарым да чоңоюп калышат.Менин өкүнгөнүм балдарым менен чогуу болбодум, балдарыма энелик мээрим төгө албадым.Алты саным аман болгону менен мени азаттык деген нерсе кыйнап,азаттыкта жашагым келет деп сөзүн бүтүрдү каарманым.
Аягы.
Автор: Салтанат Митиева.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5