Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
3- бөлүм
Гуля крупный товар келди,тез арада областтарга алып барып келүү керек деген Мурат,дагы адам тап,эртерээк таркатып салып,акчасын алалы дегендиктен каяктан кыз табам деп атсам,Миргүл менин жигитим таксист,мен ошол менен областка барайын,канча акча бересиз деп Мураттын сурады эле,отуз миң берем,беш миң бензинине берем деп айтканда,жигитине айтса макул болуптур.Жигитинди үйгө алып кел,жакшылап өзүнө тушундуройун деген Мурат,Миргулдун жигити үйгө келгенде, бизге берип жүргөн порошогунан чектирип,эртеси аларды Липецк областынын Усмань деген шаарына жөнөтмөк болду.Миргул жигити Шумкар менен Липецк областына кетишти,мен таякемдин кызы Салия,анан жигити Мураттын досу Алик болуп Ногинск шаарына барып,Мурат берген элүү пакет оролгон наркотиканы айткан жерине коюп келдик.Баары ойдогудай болуп,Салия экөөбүзгө жыйырма миң берген Мурат,Миргулдор дагы аман эсен келе жатканын айтып,ошол күнү квартирада майрам кылдык.Крупный товар келди деген Мурат,товарын жакшы өтүп,буйруса иши алдыга кетип атканын айтып,кийинки партия көп келээрин айтып,эми жыйырма,отуз миңден төлөбөй, элүү миңден төлөйм деп бизди кубантып койду.Акыркы убакта үйдө порошокту тараза менен өлчөп салбай,биз айткан жерден алып,берген адреске таштайт элек.Кобунчо Садоводко же Москвага жакын областтарга таштап,биз ошол жерден алчубуз.Эртен менин атыман силерге эс алуу,баарыбыз көлгө барабыз деген Мураттын айтканына макул болуп,эртеси Миргүл,Салия үчөөбүз магазинден керектүү нерселерди алып атып,мурда ресторанда чогуу иштеген Ширинди көрүп калдым.Кандайсыз Гуля эже,каякта иштеп атасыз,пандемияга ресторан жабылып,мен иши жок калдым,кыйналдым деп арыз муңун айтып аткан Ширинди жүр биз менен, ойноп келгени кетип атабыз десем,макул деп бизди ээрчип алды.Магазинге кирип дагы бир кыз ээрчитип чыкканым,Муратка жакты.Москвадан алыс жакка бизди эки машина менен алып чыгып кеткен Мурат,Аликтен тышкары Алишер деген бала бар эле.Уч эркек төрт кыз болуп,түн бир мезгилге чейин ээн жерде шашлык кылып,жыргап отурдук.Улам бизге берип аткан нерсеси гашиш деген наркотикалык зат экенин кийин билдим.Биз областтарга наркотика алып барып келгенден кийин, сөзсүз он күндөй эс алат элек.Кыздар эми келе турган товардын ар бир пакетине 450рубль төлөйм,канчалык көп алып барсаңар,ошончолук көп акча табасыңар деген Мурат,бизге наркотика берип, өзүнө көз каранды кыла баштаган экен.Биз ошентип Мураттын колунда наркотика ташып, эки ай иштедик.
Автор: Салтанат Митиева.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2