Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
4-болум
Менин тажиктер менен көлдө отурганымды тартып алган Ширин,авамын кызына биз ойноп жүрөбүз деп жөнөтүп жиберген экен.Мага каяктагы тажиктерди ээрчип жүрөсүң, атаңа чалып айтам,башын барбы сенин,каякта жашайсың,барып алып келем деп телефон чалган эжеме,ал жөн эле тааныш балдар,мен аны менен жүрбөйм десем,колунда сигарет,шаар көргөн эчкиден түңүл дегендей,шаарга чыга албай турган экенсин,агана чалып айтам,уялбайсынбы аял башын менен сигарет чегип жүргөндөн деп эжем урушуп,чын эле агама чалып айтып коюптур.Агам дагы мага чалып,срочно Красноярскийге кел, кондуктор болуп иштейсин, өзүм сени контролдоп турбасам,сен биздин эл караган бетибизди жер каратасын,эгер өзүн келбесең, анда өзүм барып алып келем деген агам,мени катуу урушту.Мен агамдын пейлин билем,ал сөзүнө туруп,келип мени алып кетмек.Ширинге эмнеге эжеме биз отурган сүрөт,видеону жонотосун деп урушсам,мен жаман оюм жок жөнөтүп алыпмын,кечирип коюнуз деп актангандан башка сөз айтпады.Мурат мен Красноярскийге кетпесем болбойт,агам келсе мени өлтүрөт,жаныма кел деп атат деп айтсам,акыркы партия товар келет,ошону таркатып коюп кете бересиң,эгер качып кетем десең,анда Красноярскийге барып,аганды өлтүрөм,менин колума түшкөндөн кийин, оңойлук менен чыкпайсың деп жинденген Мураттан коркуп,эмне кылаарымды билбей калдым.Кийинки келген товарды Салия,мен,Ширин,Салиянын жигити Алик болуп Челябинскийге алып барып,Мурат айткан жерге коюп,ватсаптан ар бирибиз сүрөткө тартып,Муратка жөнөтүп аттык.Алик шофердун милдетин аткарып,Салия, Ширин үчөөбүз элүү пакеттеги порошок алып, таркатып,бирок акчасын Мурат эки,үч күндөн кийин берем,мага акча которула элек деп койду.Миргул жигити менен Тверге товарды таркатып келебиз,ар бир пакетке 450рубльдан жүз элүү пакет алалы,эртерээк таркатабыз деп Миргулдун жигити эжесин кошуп алып,чогуу Тверьге барышты.Бул жолу товарларды жакшы таркатып келгенибиз менен Мурат баарыбызга акча берген жок,бир аз күткүлө деп шылтоо айтып койду.Мурдагыдай он күндөй убакыт өтүп,дагы товар алып баргыла,ушуну алып барсаңар,мурдагы алып барган товар үчүн бербеген акчаны кошуп берем деген Муратка ишенип,биз Электростальга,Миргулдор Воронежге бармак болушту.Эртен товарды алып барып келебиз деген күнү, Мурат күндөгүдөн башкача жайдары болуп,бизге гашиштен аябай кеңири берди.Корсо акыркы жолу гашиш берип коеюн,ушуну менен буларды каяктан көрөм дегенин,эртеси күнү товар алып кетип атып,Электростальга жетейин деп калганда,ГАИ кызматкерлери машинаны токтотуп,эмнегедир айдоочу болуп отурган Аликтин жанында отурган менин,артта отурган Салия менен Шириндин документин сурап, жүргүлө деп бизди алыс эмес жердеги гиббдд кызматкерлери турган постко алып барышты.Ал жерден Аликти, машинаны ГАИ кызматкерлери текшерип,эч нерсе табышкан жок,күмөндүү жүргүнчүлөр аял экен,аял полиция жибергиле деп ГАИ кызматкери бирөөгө телефон чалаары менен көп өтпөй бир машина полиция кызматкерлери келип,Салия,Ширин үчөөбүздүн чечинтип текшере башташты. Учообуздун кокурогубуздон чыккан пакеттеги порошокторду көргөн полиция кызматкерлери,оперлерди чакырып,алар баарыбызды отделениеге алып барып,сурак кыла башташты.Биз кармалганда саат түшкү он эки эле.
Автор: Салтанат Митиева.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3