Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Ал эми адам кээде эмнеге бирөөнүн алдында жан дүйнөсүн жылаңачтайт?
Бар сырын төгүп салат. Бул — сенин эл алдына жылаңач, кийимсиз чыккандай эле нерсе.
Жан дүйнөңдүн эшиги ачык болсо, көрүнгөндүн кирип-чыгышына жол бересиң.
Ар кимдин жан дүйнөсү — анын күзгүсү.
Жан дүйнөсү кирге толгон адам сени да өзүндөй көрүп, сени булгаганга аракет кылат.
Ал эми сенин катаңды көрсөтүп, баалай билген адамдар менен дос болуу керек.
Жыпар жыттуу гүл сыяктуу, бүчүрүн жарган жан өз сырын адамзат алдында жайып салбайт.
Сен да сырыңды ар кимге айта бербе.
Жаман адамдар арам чөп сыяктуу — сенин өсүшүңө жол бербейт, жалбырагыңды, гүлүңдү жулуп, жок кылууга аракет кылат.
Сага эч ким жардам бербейт, кыйынчылыктан чыгара турган — өзүң гана.
Адал досуң болсо, андан акыл сура.
Сага кыйын учурда кол сунуп, жардам бере турган — Жараткан гана…
Кыргызда керемет сөз бар: «Кудай берерин унутпасын».
Жараткан Кудайдын кудуретинин күчү — бир көз ирмемде эле сени бактылуу кылат…
Элибиз аман, журтубуз тынч болсун!
Жамандын сөзүнөн, душмандын көзүнөн сактасын!

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4
Ал не жандык беле унуткудай.
Ал жаратуучу зат