Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Ошолор мурда бирөөнүн сөзүн экинчисине жеткирип, элди иритип жүрсө, азыр болсо “контент” деп кооз ат коюп алышты. Кечээ эле ушак деп жек көргөн нерсе, бүгүн лайк менен каралып, көрүү саны менен өлчөнүп калды. Чындыкпы, жалганбы — анысы маанилүү эмес, башкысы элди кызыктырып, ызы-чуу жаратса болду.
Бирок сөздүн да жоопкерчилиги бар да. Илгери “ооздон чыккан сөз – ок” дешчү, азыр болсо ал ок интернет аркылуу миңдеген адамдарга жетет. Бир адамдын абийирин төгүп, бир үй-бүлөнүн тынчтыгын бузуп коюу – оңой эле болуп калды.
Баардык эле блогер жаман эмес, албетте. Элге пайда алып келген, билим бөлүшкөн, жакшыны жайылткан инсандар да бар. Бирок сөз ташып, ушак менен күн көргөндөрдү мактап, аларды “замандын баатыры” кылып алсак – анда өзүбүз да ошол деңгээлге түшүп калабыз.
Ошон үчүн ар бирибиз ойлонушубуз керек: биз көрүп жаткан нерсе – чындыкпы же жөн гана кызык үчүн ойлоп табылган окуябы? Ар бир лайк, ар бир бөлүшүү – бирөөнүн тагдырына таасир этерин унутпайлы.
Кээде ойлоп кетесиң: биз маалыматка суусап жатабызбы же жөн эле чуулгандын артынан чуркап калдыкпы? Көргөнүбүздүн баарына ишенип, укканыбыздын баарын тарата бергенден мурда, “бул кимге пайда, кимге зыян?” деп өзүбүздөн сурасак жакшы болмок.
Жакшы сөз да бат тарайт, эгер биз аны таратсак. Жамандыкты көрүп алып жайылтпай, жакшыны байкап бөлүшсөк — анда чыныгы өзгөрүү ошол жерден башталат. Анткени коомду блогер эмес, аны көргөн элдин тандоосу өзгөртөт.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6
Бирок бул да эч бир адамды ойго салбайт.
Кунуң өтсө,туштугуңө жорго мин дегендей эле жашоо болуп калды.
Сөздүн баасы арзандап ,жалгандын казаны шар кайнап калган мезгилге жетип келдик...
Уят ,сый , айкөлдүк ,чындык деген нерселер турмуштун өгөй баласындай ,жат болуп баратат...