Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
б.
Булардын баары — сансыз ийгилик жана эсепсиз байлык. Адамдын адамча жашашы үчүн ашыгы менен жетмек.
Бирок биз алардын баркын билбедик. Санабыз “ичсем-жесем” деген деңгээлде калып калды. Ошондуктан акыл-ой адамзаттагы ушунчалык терең, чексиз байлыкка үңүлө алган жок, деңгээли жетпеди. Адам өсүүнүн ордуна өчтү, эволюция артка кетти.
Адамзат өзүнөн, бардык жакшылыктардан өз эрки менен баш тартты.
Ал жасалма дүйнөнү тандады: жасалма достук, жалган сүйүү, жагынма мамиле, жасалма мүнөз, калп мээрим, элге жарыяланган кайрымдуулук, жасалма кирпик, тырмак, көз, бет, чач ж.б. Өзүнүн табигый келбетинен да баш тартты.
Биз азыр жасалма адамдарбыз.
Биз азыр эч ким эмеспиз — ичибиз менен сыртыбыз эки башка дүйнө, бир бүтүн эмес.
Жаныбыз камактагы чымчык сыяктуу чыркырап жашап жатат.
Кээде өзүбүздү өзүбүз тааныбай калабыз. Азыр биз башкаларга тургай, өзүбүзгө да ишенбейбиз. Анткени жүрөккө баш ийбейбиз, аны укпайбыз. Ал өзүнчө, биз өзүнчө жашап жатабыз.
Жүрөктү уккандарды жинди, кыялкеч, акылсыз, түшүнүксүз, ашыкча эркин деп эсептейбиз. Чындыгында жашап жаткан — ошолор.
Адамдын келечеги анын бүгүнкү тандоосуна байланыштуу.
Биз — кулбуз, дүйнөнүн кулубуз.
Азыр адамзат коомунда эң чоң согуш жүрүп жатат — бул адамдын өз-өзү менен күрөшү.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3