Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Эч ким сага милдеттүү эмес. Ошондуктан ыйлай бербей, кыймылда. Жашооңо карап, аны өзгөртүүгө умтул. Бул жашоодо бардык энергияңды таарынычка коротпо.
Башың көп ооруп, дайыма маанайың жок болсо — анда сен ичтен таарынгансың. Кармаган нерсең түшүп, берекең качса, оюңда «мен киммин?» деген суроо көп. Сен кээде өзүңдүн ким экениңди билбей да каласың.
Аткан таң менен баткан күндүн арасында жашооң өтүп жатат. Ошондуктан өзүңдү өзүң колго ал.
Өзүңдү колго алуу — бул бир чечимден башталат. “Мен өзгөрөм” деген чечим. Башында кичинекей кадамдар болот: ой жүгүртүүңдү оңдоо, убактыңды туура пайдалануу, өзүңө болгон мамилеңди өзгөртүү. Ушул жөнөкөй көрүнгөн нерселер акырында чоң өзгөрүүгө айланат.
Сен өз жашооңдун күбөсү эмес, жаратуучусу болушуң керек. Башкалардын сөзүнө, баасына, күтүүсүнө жараша эмес, өзүңдүн ички принциптериңе таянып жашоону үйрөн. Анткени бүгүн сен кандай чечим кабыл алсаң — эртең ошонун жыйынтыгын көрөсүң.
Өткөндү көтөрүп жүрө бербе. Ал сага сабак болушу керек, жүк эмес. Ар бир ката — бул сенин өскөнүңдүн белгиси. Жыгылсаң — тур. Жаңылсаң — түшүн. Бирок эч качан токтоп калба.
Сен издеген жооптордун баары сыртта эмес. Алар сенин ичинде. Болгону тынч отуруп, өзүңдү угуп көр. Кээде дүйнөнүн ызы-чуусунан алыстап, ички үнүңө кулак салуу — эң туура багытты көрсөтөт.
Убакыт өтүп жатат. Ал эч качан күтпөйт. Ошондуктан бүгүн башта. Кийинки дүйшөмбүнү, кийинки айды, же “жакшы учурду” күтпө. Жакшы учур — бул сен чечим кабыл алган учур.
Өзүңө ишен. Өзүңө таян. Сенде жетиштүү күч бар. Болгону аны ойготуу керек.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 7