Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
3-болум
Колумдан эмне иш келсе кылып жүрдүм.Ушул айда кантип кварт плат төлөсөм экен деп ойлоном.Бишкектеги тааныштарымдан карызга акча сурасам,эч ким карыз берген жок.Бир күнү тааныш эже бир орус аялды карап тур,сага миң сом беребиз дегенинен макул болуп көндүм.Ал орус кемпирди мен үч күн карагандан кийин, тааныш эже ал орус кемпирди кайра алып кетти.Мен ошол күндөн баштап,мага орус кемпир чалдарды алып келишет,мен карайм кайра алып кетишет,кээде кемпир чалдарга опекун болуп,нотариуска барып жүрдүм.Ошол мезгилде мен эч нерсени түшүнгөн эмесмин.Бир күнү мени жашап жаткан квартирама милиция кызматкерлери келип,мени отделениеге алып барышты.Ал жерде менден башка жети адам кармалган экен.Бизди банда деп камап коюшту.Менин уулумду эжем,кызымды экинчи агам алып кетишти.Камалганымдын себеби мен орус кемпир чалдарды карап жүргөн элем да,көрсө ошол убакта шаардагы жалгыз бой кемпир чалдардын үй жайын өздөрүнө өткөрүп,кийин ал кемпир чалдарды өлтүрүп салышат экен.Мени да ошол бандада деп,сот он беш жылга өкүм чыгарды.Мага коюлган статьяга амнистия да, жеңилдик да каралган эмес.Канча жыл болсо, толук ошол жылды отуруп чыгасын.Алгач степное аялдар абагына барганда, катуу депрессияга түштүм.Мени ичиниздегини чыгарыңыз, өзүңүздү кыйнабаныз деп абактагы тарбиячы эки саат мени менен сүйлөштү.Он беш жыл качан өтөт,он беш жылдан кийин тирүү чыгамбы деп эстеген сайын кыйналып кетем.Мен аялдар абагы бар экенин да билбейт элем.Жалгыз карышкырдай өзүм жалгыз жүрө берем.Аялдар абагындагы төшүнө тагылган бирканы окушуп, атынды билишет,кайсы жерден экенинди сурап,жердеш аялдар бири бирине колдоо көрсөтүшөт.Аялдар абагында түрдүү тагдырдагы аялдар бар.Абакта канча жолу өзүмдү өзүм өлтүрсөм деп ойлоп,балдарым үчүн жашашым керек деп ал оюмдан кайтам.
Менин камалып калганымды уккан эжем давлениясы көтөрүлүп,ооруп калды.Агаларыма да оңой болгон жок.Уулум эжемде,кызым агамда эле.Экоо эки жакта тарбияланып,эки башка тарбия көрүп калбасын, экөө бир жерде тарбиялансын деп камакта отурганда балдар үйүндө тарбиялансын деп арыз жазганмын.Менин арызымдын негизинде балдарымды агам менен эжемден алып коюшкан.Азыр балдарым балдар үйүндө.
Автор: Салтанат Митиева.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3