Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Сиздер менен жүрөгүмдү ооруткан чоң көйгөйүм менен бөлүшөйүн.
Анда сөз башынан болсун...
Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга 20 жылдын жүзү болду.
Биринчи никесинен 1 уулу бар.
Азыр 25 жашта.
Мен келин болуп келгенде 1 класста окуган бала эле.
Мени башынан "мама" деп көндү.
Эң башынан эле мамилебиз жакшы болду.
3 кыз төрөдүм. Карындаштарын жакшы көрүп, алар да агасын жанындай көрүшөт.
Чогуу бир үйдө чоноюшту.
20 жыл ичинде бир мага өйдө карап, сен мен дешкен жокпуз. Мени сыйлап келди.
Мен да өз каныман жаралган баламдай көрө албасам да, болушунча аракет кылдым.
Былтыр үйлөндү.
Чынында ичим ысып келинди жакшы кабыл алдым, шаарда иштешет эле 3-4күн туруп эле кетишти. Колумда бар буюмумду эч аянбай, кыскасы үйдө кандай жакшы, жаңы буюм болсо баарын бердим.
Бир жолу келгенде болбогон бир нерседен экөөбүз айтыша кеттик, негедир уулум өңү бузулуп көптөн бери айта албай жүргөн сөздөрүн айтып, өзү айткандай бир жарылып алды.Чынында жаак эттери аябай түйүлүп мага аябай ачуусу келген.
Атамдын карындаштарын жаман көрөсүз, бул үйгө эч ким келбей калыптыр, айтор баардык жагынан мени кунөөлөдү.
(Жолдошумдун 4 карындашы бар, алар менен ачык, бет келишип урушпаганыбыз менен бири бирибизге ичибиз чыкпай келет).
Жүрөгүм ооруду, бирок бат эле, ошол эле күнү кайра бири- бирибизди түшүнүшүп сүйлөшүп кеттик.
Чынында анткен менен ичим бир аз муздагансып , ичимде бир нерсе сынып калгандай болду.
Ошондо да аны актап жаман жагын көргүм келген жок, неге өзгөрдү балким жаңы жашоосу таасир этип жатат деп ойлодум.
Ошентип алар келет шаардан дегенде эле жүрөгүм бир башкача болуп, кыжалат болчу болдум.
Келиним да мени тоготпогондой мамиле жасагандай.
Ошол боюнча ал урушту экөөбүз тен унуттук.
Бирок кечээ дагы катуу урушуп кеттик, кыязы бетин ачып алды окшойт. Мага атырылып кыйкырып , кичине кезиндеги таарынычтарын айтып, ыйлап , истерика болуп чыкты.
Сиздин мага эч кандай тиешеңиз жок, эмне кылып койдуңуз эле, багыма чон эне, чоң атам бар экен, мени ар дайым бөлүп келесиз деп кирди (менин оюмда эч качан андай болгон эмес).Дагы сүйүнүңүз атамдын эркек баласы бар экен, керек болсо атамдын бутунан өөп жашашыңыз керек , дагы көп жүрөк ооруткан сөздөрдү айтты. Эң жаманы ошонун баарын жолдошум угуп отурду, "болду, токтоткула" дегенден башка сөз айткан жок. Ошончого жеткирбей уулун жетелеп чыгып кетсе болмок.
Түнү менен кан басымым көтөрүлүп больницага барып келдим.Ошондо да уулум бир чыгып , же чалып кызыгып койгон жок.
Билбейм балким анын да жүрөгү ооруп жатса керек.
Жолдошум болду баары бүттү, эми чогуу да жашай албайсыңар деп жатат
Кыскасы жүрөгүм ооруп турган учур , түш сыяктуу болуп жатат .
Мага кеңеш бериңиздерчи.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 27
Кийин Атам рамаалы үйлөндү
Өгөй апам жакшы аял болуп чыкты мени өз баласындай карады чоң киши болдум үйлөндүм үйлөнгөн күнү айткам
Бул Апам өзүмдүн төрөгөн апамдай аял эгер чыр чатак чыгарып апаңыз андай мындай экен деп келген күнүн жообуңду берем хоть 10 бала торосонда дегем
Урушса макул апа деп кой сенда бир күн келип кайнене болосуң бул дүйнө аз эле дүйнө деп уктурганмын Билбейм бирок эч качан өгөй апамдай көргөн жокмун азыр аялымды апамда бири бирин сыйлашып жашап келип эле жүрүшөт
Атам өтүп кеткен болсода тапкан акчам ошол Апамда турат акча керек болсо баарыбыз апамдан сурайбыз уже 37 жашка чыктым Шүгүр дейм
Мен берген нерсени орду койгон аял Аллах ыраазы болсун