Свернуть поиск
Правая колонка
🔴Аз жеп,аз уктап,аз сүйлөгөндү адат кыл;
🔴Өзүң жактырганды башкаларга дагы ыраа көр;
🔴Иш кылсаң кеңеш менен кыл;
🔴Үйрөнбөй туруп устаздык кылба;
🔴Бирөөгө түгөл ишене бербе;
🔴Жаман адамдан жакшылык күтпө;
🔴Ар ишти акылга сал;
🔴Бүтүрбөгөндү бүтүрдүм дебе;
🔴Бүгүнкү ишти эртенкиге калтырба;
🔴Улууларды шылдыңдаба;
🔴Улуу кишиге узун сүйлөбө;
🔴Билимсизге бийлик бербе;
🔴Сурап келсе кур кайтарба;
🔴Өткөн чатакты эске салба;
🔴Бирөөнүн жакшылыгын мен кылдым дебе;
🔴Байлыгыңды доско да,душманыңа да санатпа;
🔴Туугандан кол үзбө;
🔴Жакшы кишини ушактаба;
🔴Өзүңдүн ким экендигиңди бил,өзүмчүл болбо;
🔴Эки тарап бир бүтүмгө келе албай жатышса,сен көпчүлүк жакта бол;
🔴Эч кимди сөөмөй менен көрсөтпө;
🔴Эл алдында тишиңди чукулаба;
🔴Эл көзүнчө какырынып,түкүрүнбө;
🔴Эстесен оозуңа алакан тос;
🔴Калайыкка какшыктабай сүйлө;
🔴Тамаша сөздү көңүлгө алба;
🔴Кишини эл алдында жер каратпа;
🔴Кейпи жакпайт деп,кишини айыптаба;
🔴Айтылган сөздү өзүңө алба;
🔴Шылдың сөздөн сактан;
🔴Өзүңдү,үй-бүлөңдү бирөөнүн алдында мактаба;
🔴Эр болсон аялдардай сыланба;
🔴Баланын ою менен боло бербе;
🔴Тилиңе сак бол;
🔴Колуңду силкпей сүйлө;
🔴Ар кимдин урматын тааны;
🔴Көзү өткөндү жамандаба;
🔴Колуңдан келсе,урушпа да,араздашпа;
🔴Күч сынашпа;
🔴Сынабаган кишинди жакшы деп ойлобо;
🔴Иш жасасаң шашпа;
🔴Дүнүйө үчүн башыңды машакатка салба;
🔴Өзүн билгенди баркта;
🔴Ачууга алдырсаң сөзүңдүн артын байкап сүйлө.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1