Свернуть поиск
Правая колонка
Турмушка чыгып жатканда, өмүрлүк жолдошум деп ишенген эле кыз. Тунук ууз сүйүүсү менен, берилип сүйгөн экен, арадан эки жыл өтүп, жолдошу башка келинге кетип калганда, эркек аттууга жүрөгүн жаап салды Акылай. Дипломунун кереги эми тийди, саякат агентствосуна жумушка орношуп, бар убакытын ишке бөлдү. Жылдар өтүп, таалыкпай иштеген эмгегинин натыйжасы чыкты. Директордун орун басарына чейин өстү, шаардын жакшы районунан 3 бөлмөлүү квартира сатып алды.
Көз ачып жумгуча арадан 15 жыл өтүп кетиптир. Атасы кичинесинде эле рак оорусунан каза болгон, тага тарап колдоп жогорку окуу жайды бүтүп алганы жакшы болгон экен. Апасы экинчи жолу турмушка чыгып, өз алдынча, Акылайга убактысы жок. Бир күнү жумушта олтурса, бейтааныш номерден чалуу келди.
-Алло, сен Акылайсыңбы? Аялдын үнү өктөм чыкты.
-Угуп жатам сизди.
-Таланттын биринчи аялысың да сен, мен Гүлүм экинчи аялымын. Уккандырсың Таланттын өлгөнүнө эки жыл болду. Мен квартирамы сатайын деп жатам, экс кайненеңди алып кет, сен алып кетпесең мен эски буюмдарга кошуп, мусорго ыргытам....
Акылай эч нерсе түшүнбөдү, кандайча адамды мусорго ыргытып койсо болот? Кайненесин эстеди, арыкчырай, өзүнө тыкан, атыр жыттанган таза аял эмес беле...
Жумуштан чыгып эле айткан адреске жөнөдү такси кармап. Квартирага киргенде, көргөн көзүнө ишенбей турду. Эски үй эмеректери, аял сигарет чегип күлүн полго эле силкип жатат, сүйлөсө буркурап арактын жыты келди. Жылаңач эле полдо, бөлмөнүн бурчунда, бир канча эски одеялдарга оронуп чүкөдөй кемпир жатыптыр. Арыктыгы бул аял ачкалыктын далай доорун көргөнүн айтып турду. Адам ачка болсо үшүкчөөл болот, бечара оронуп ысына албай жатканы ошондон. Жалгыз уулу өтүп кетип кемпир эч кимге кереги жок болуп калган эле. Акылай бурулуп басып кете албады, өзүнө болгону эки жыл кайнене болгон аял, азыр 15 жыл убакыт өткөндө чоочун эле адамга айланса да, Гүлүм айтканын аткараарына ишенди, кары, оорукчан аялдын көчөдө калышына жол бере албады.
Такси чакырып, таксистти жардамга чакырды, ал кемпирди одеялосу менен көтөрүп чыгып машинага салды, Акылайдын үйүнө да көтөрүп чыгарып берди.
-Менин атым Болот, бир нерсе керек болсо чал деп номерин таштап, жол акысын албай койду. Акылай жумушунан отпуск сурады, иш күчөп турганда кайдагы отпуск деп директор коё бергиси келбеди, иштин чоо жайын укканда, Акылайды колдоду, анда үйдөн иште деди, компьютер бар, телефон бар, келин үйдөн иштеп калды. Кайненесине врачты чакырды, врач көпкө карап башын чайкап, адам кылабыз деди. Мындан оорлорун өлүмдөн сууруп чыкканмын деп, рецептерин жаза баштады.
Сөөктөрүн териси каптаган, эт деген нерсе жок, тирүүнүн өлүгүндөй көрүнгөн аялды, бутуна тургузуу оңой эмес эле. Бечаранын эки көзү гана жылтырайт, сүйлөгөнгө дарманы жок эле. Кичинеден жеңил мөмө-жемиштерди эзип, пьюреге айлантып жедире баштады, көбүнчө трубочка менен суюк нерсе берет. Канча жылдар ачкалыкта жашаган аялга, көп тамак бербеш керек. Тамагы бир жөн, жата берип эзилип кеткен жамбашычы... Акылайдын түйшүгү көп болду, сүйлөгөндө ыңгайсыздык жок болсун деп, аялды "Апа" дей турган болду. Күндө апасы менен божурашып, тамагын берет, массаж жасайт, жарааттарын таңат. Туалетин төгөт.
Эшиктин коңгуроосу чырылдап ачса Болот экен, эки пакет продукты көтөрүп келиптир. Кой дегенге болбой, таштап кетти. Врач аптасына бир жолу келип турду, Акылайга суктанып, сендей адамдар азыр жок деп кетет. Арадан бир ай өтүп, аял шыбырап гана "кызым" деди Акылайга карап. Акылайдын көз жашы куюлуп, экөө бирге ыйлап да алышты. Бир күнү апасы жуунгум келди деп шыбыраганынан, Акылай Болотко чалды. Болот аялды ваннага көтөрүп кирип жаткырды, Акылай апасын жылуу сууга балкытып жуундурду. Таза кийимдерди кийгизип Болотту чакырды. Мээрим апанын жүзүнө кызыл кирип, көздөрү жандана баштады.
Болот эми күн алыс келип турду, бул кичинекей үй-бүлөөгө мүчө болуп алгандай. Арадан алты ай өтүп, Мээрим апа ордунан турду, акырын басып, басканды жаңы үйрөнүп жаткан баладай олдоксон эле кыймылы. Акылай врачтын жазганын калтырбай аткарып, апасын өлүм колунан сууруп алды.
Арадан эки жыл өтүптүр, бүгүн Мээрим апа, акылдуу кыздын апасы, боорукер жигит Болоттун кайын энеси жана кичинекей ажарлуу Сезимдин тайэнеси... Булар өз бакытын өздөрү кашыктап чогултуп алгандар, өмүрдүн баасын билгендер! Окуяны угуп, мен буларга чын жүрөгүмдөн бакыт каалап, узун өмүр тиледим!...
Автор: #Елизабет

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4