Свернуть поиск
Правая колонка
4-болум
Мага уулум кат жазганда, алтыным апам деп жазып, аягында менин убактылуу апалык милдетин аткарып жаткан Адалат апам сизге салам айтты деп жазганда,жүрөгүм эзилип кетет.Балдар үйүндө тарбиячысын башка балдар апа десе,балам апа деп айта албайт экен,эмнеге апа дейм,сиз тирүүсүз го десе, сүйлөй албай ыйлайм.Мага узак жолугушууга жана передачка алууга өзүмө запрет жаздым,мен андай нерсе алганга татыксызмын.Бир туугандарымдын өздөрүнүн балдары болсо, эмнеге балдарынын ырыскысын кыйып,мага бир нерсе алып келүү керек,ансыз да аларды кыйнап койдум деп өзүмө өзүм запретке арыз жаздым.Бир күнү тишим ооруп,тишимди алдырып келген элем.Ал күн 21-февраль туулган күнүм болчу.Мени селектордон түрмө начальниги өзүнүн кабинетине чакырды,эмнеге чакырды экен,мен тишим ооруп иштен калдым эле,жумушка чыкпады деп чакырды бекен,бирок менде справка бар да,тынчылык бекен деп барсам,абактын кызматкерлери,алардын арасында бейтааныш эркек отуруптур.Начальник мага бул кишини тааныйсыңбы дегенде,жок десем,прокуратурадан келди дегенде,коркуп кетип мен эч ким менен урушкан жокмун деп ыйлап жибердим.Оюмда дагы срок кошот деп ойлогон элем.Менин коркуп кеткенимди көргөн прокуратура кызматкери, коркпоңуз сиздин делонузду карап отурсам, өзүңүзгө өзүңүз жолугушуу,тамак аш алганы тыюу салыпсыз,сиздин бир тууган эжениз мен сиңдимди көрүшүм керек, бүгүн сиңдимдин туулган күнү, синдим тирүү эмес окшойт,эмнеге баарына мүмкүн,менин сиңдиме мүмкүн эмес деп прокуратурага чейин арыз жазганда,атайы текшерүү менен келдим.Азыр эжеңиз түрмөнүн сыртында турат,жок дегенде эки саатка жолугушуу алыңыз, эжеңиз сиздин аман эсен экениңизди көрсүн дегенде,эжем келдиби деп ыйлап жибердим да, мен жок жолуга албайм,мен такыр жолугушууга да,тамак аш алганы да каршымын дедим.Менин сөзүмдү уккан түрмө башчысы, менин тажрыйбамда сиз экинчи аялсыз,туугандарынын жардамынан отказ кылган.Мурда жетинчи отрядда да бир аял бар эле,балдары келсе алып келген тамак аш,кийим кечесин кабыл албайт болчу.
Автор: Салтанат Митиева.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев