Свернуть поиск
Правая колонка
1-болум
Бой жеткен мезгилимден классташ кыздарым мени менен бирге жүрсө,апалары үйүнө чакырып кирип кетишет эле.Кээде угуза эле Гуля менен жүрбө,ал эрте жетилген,эркектер менен сүйлөшөт деп айтып калышчу.Мектепте жен совет деген балээ болуп,көбүнчө Адашова сен эмитен эле балдар менен суйлошосун,эрге тийгин келип калдыбы деп башка класстын кыздарынын көзүнчө эжекелер мени урушат болчу.Мен балдар менен сүйлөшпөйм,болгону жакшы мамиледе дос болом,алар кыз менен эркек дос болсун беле,эрсиреп калгандар эркек менен сүйлөшөт деп урушкан эжекелерден тажап, мектепке баргым келчү эмес.Мектепке барганда деле кыйратып окубайм,сен жамансын деп кээ бир мугалимдер кемсинткен сайын,жакшы болсом деле бари бир жаман дей беришет,андан көрө биротоло жаман болоюн деп,жогорку класс болгон сайын мугалимдер менен айтыша баштадым.Эптеп уруш угуп жүрүп,мектепти бүттүм.Уйдо апам окубай эле кой,окуп ким болот элең?Азыр окугандар кыйратып атат бекен деген сөзү дагы менин окууга болгон кызыгуумдун жок болгонуна себепкер болду.Мектепти бүтөөрүм менен классташ кыздарымдын ичинен биринчи мен турмушка чыктым.Мага ата энесин жуучулукка жөнөткөн коңшу айылдын баласы Эржанды жакшы тааныбайт элем.Атам кыз баланын эрте тынганы жакшы деп улуу эжелерими дагы эрте эле күйөөгө берип салгандыктан,мени дагы эрте күйөөгө беришинде күмөнүм жок эле.Бат эле эки тарап келишип,акыркы экзамен бүтөөрү менен,ата энем мени күйөөгө узатып салышты.Башында баары жакшы болуп аткан, күйөөм жакшы,бирок кайын энеме такыр жакпай койдум.Кылган ишимден кынтык таап,уруш чыгара берет эле.Кечке кылган ишимден айып таап,мени конушулардан келиндерине салышытырып кемсинте берет эле, күйөөм апамын пейли оор,бир аз чыдап кой,баары жакшы болот деп башында менин көңүлүмдү алып жүрдү.Бирок кайын энем оңолгон жок,кайра күч алып,уулун менден кызганып,акыры эки балалуу болгондо бизди ажыраштырып тынды.Бир уул,бир кызым менен атамдын үйүнө келдим.Башында ажырашуу мен үчүн оор болду,кантип төрт жыл жашаган күйөөм менен ажыраштым,эми балдарды кантип багам,жалгыз кантип күн өткөрөм деп ойлодум.Эч нерсеге көңүлүм келбей, төшөктөн турбай жатып калдым,эки балам ыйласа аларга да көнүл бурбайм,апама кыйын болду,бир туруп мени сооротот,кийин балдарымды сооротот, көп өтпөй күйөөм башкага үйлөнүп алганын угуп,биротоло үмүтүмдү үздүм.Мен күйөөдөн ажырап келгенде,болгону 22 жашта, чоң уулум үч жашар,кызым жаңы төрөлгөн болчу.Мектепти бүтөөрүм менен он сегиз жашымда турмушка чыгып, төрт жыл жашап,жыйырма эки жашымда ажырашканы үлгүрдүм,жарытылуу билим албагандыктан эч жерде иштебей,балдарымды багып ата энемдин үйүндө жүрдүм.Биз беш кыз,бир уулбуз,жалгыз агам Россиянын Красноярск деген шаарында үй бүлөөсү менен,менден улуу үч эжем,бир сиңдим турмушка чыгып кеткен үчүн,ата энемин үйүндө ата энемден сырткары эки балам,мен бар элем.Башында жолдошум ата энесине билдирбей балдарынан кабар алып турчу,кийин өзү балалуу болгондон кийин кабар алууну токтотту.Балдарым чоңойгондо,базарга чыгып соода кылып жүрдүм,бирок тапканым күнүмдүк тамак аштан ашпайт.Эл барган Москвага барайын,иштеп үй алайын деп,улуу балам тогузга,кичинем алты жашар болгондо,мен авамын кыздарын ээрчип Москвага келдим.Эжемдер мени ресторанга уборкага ишке киргизип койду.Чынын айтсам иште кыйналдым,өзүм толук болгондуктан иштөө мага оор болгонсуй берди.Улам эле ресторандын менеджери чала иш кылып атасың деп,иштеген ишимден айып таба берет.Бир ай иштеп айлык алгандан кийин, күзгө кийим алайын деп Садовод базарга барып,ал жерден сатуучу керек деген жазууну окуп,базарга чыгып жургонмун,колуман саткан келет деп ошол жерге ишке кирейин деп,сатуучу керек дегендер менен сүйлөшүп,вьтнамдын колуна сатуучу болуп ишке кирдим.Базарга таңга маал баруу керек болгондуктан,жашаган квартирадан каттап жүрүп кыйналып кетип,жакын жерге квартирага чыгып алдым.Жаныбызда тажик балдар куртка сатат эле,алар менен тааныш болуп калдым.Мен өзүм толук болгондуктан мага балдар көңүл бурбайт болчу,бирок ошол жердеги тажик балдарга келип жүргөн досу мени жактырып калганын айтып,улам мага белек берип атып,акыры көңүлүмдү таап,экөөбүз сүйлөшө баштадык.Гуля эмне кыласың бирөөнүн колунда иштеп,мен жашаган квартирага кел,экөөбүз чогуу жашайбыз,мен сага башка акчасы жакшы иш таап берем деген тажикке ишенип,мен базарда сатуучу болгон жеримден иштебейм деп,тажиктин квартирасына көчүп келдим.
Автор: Салтанат Митиева.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев