Свернуть поиск
Правая колонка
2-болум
Ал тажик бала экөөбүз чогуу жашай баштадык.Аны менен жашап мен сигарет чеккенди үйрөндүм.Ал мени эч нерседен муктаж кылбай,айтканымды алып берип жүрдү.Гуля,сен кыздарды тап,жакшы иш бар, күнүнө жок дегенде үч миңден алышат,иш жеңил дегенинен Садоводдо бирөөнүн колунда иштеген кызга айтып көрүүнү туура көрдүм.Жаш кыз болгондуктан,бат эле менин айтканыма көнүп апам менен чогуу жашайм,апамды көндүрүп көрөйүн,эгер консо анда иштейм деп апасына айтса,макул болбой коюптур.Коп өтпөй пандемия башталып,Садовод жабылып калганда,ал кыз өзү мага байланышка чыгып,баягы сиз айткан ишке адам алабы,азыр иш жок отурам дегендиктен,тажик жигитиме айтсам,макул иш бар,келе берсин,бирок квартирада биз менен чогуу жашайт деген сунушун айтканда,ал кызга айтсам ансыз деле иш жок отурам,апама айтам,болбосо бүгүн көчүп барам деп,ошол эле күнү апасы өзү кызын биздин квартирага көчүрүп келди.Биз келдик кайсы квартирага чыгалы деген кызга,азыр өзүм чыгып сени алып кирем деп сыртка чыктым.Уйдо тажик жигитим болгондуктан,апасы тажикти көрсө макул болбой койбосун деп,сыртка чыгып апасы квартираны көрөйүн дегенинен,жок азыр хозяйка бар,киргизе албайм,кабатыр болбоңуз,мен кызыңыздан жети жаш улуу болсом,өзүм эже болуп,карап турам деп, апасын сырттан эле үйгө киргизбей кетирип жиберип,ал кызды өзүм менен квартирага алып кирдим.Бул жезден болот,аты Мурат,ушул иш таап берет деп тажик менен аны тааныштырып,чогуу иштейбиз,апаны уйго киргизсем билесиң тажик менен жашайт экен деп,сени бул жерге калтырбай койбосун деп киргизген жокмун десем,ии жакшы кылыпсыз,апам тажик баланы көрсө точно мени калтырмак эмес деп мени менен чогуу жашаганы макул болду.Биздин ишибиз тажик алып келген ак порошокторду таразага салып,кара пакетке оройбуз,аны тажик бир жакка алып кетет.Бир күнү жигитим бир тажик досун ээрчитип келип,мен ишке деп чакырып келген Миргул экөөбүзгө ак порошокту кагазга ороп чектире баштады.Аны чеккенден кийин,жашоо көзүбүзгө жакшы көрүнүп,тажик жигитим айткан ишти унчукпай кыла баштадык.Ал эми бизге оролгон пакетти берип,мына даректерге таштап келесиңер,кантип бекитип келүү керек экенин мен силерге көрсөтөм деп көрсөтүп атты.Биз анын айтканын унчукпай аткардык.Жакшы иштеп атасыңар деп экөөбүзгө отуз миң берип,дагы кыздар болсо чакыргыла,ташыганы адам жетишпей атат,областтарга жеткирүү керек,заказ көп дегенинен,мен өзүмдүн бир тууган таякемдин кызын чогуу жашап иштейбиз,жакшы акча табасың десем,пандемия болуп иши жок отурган экен,ошол эле күнү мен жашаган квартирага көчүп келди.Мураттын досу Алик таякемдин кызы экөө жакшы болуп,алар кыз жигит болуп калышты.Биз Мурат менен Аликтин айтканын унчукпай аткарып жүрдүк,бизге чеккенин наркотика берип көндүрүп коюшкандыктан айткан ишинен баш тарта албай,кайра кайсы жерге алып барып келүү керек,качан товар болот деп өзүбүз суранат элек.Кээде ак порошок жок болуп,он күндөп иш жок отуруп калчубуз.
Автор: Салтанат Митиева.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев