Свернуть поиск
Правая колонка
5-болум
"Үч кызды үч башка кабинетке алып киргиле!"- деген опер кызматкери, бизди сурак кыла башташты. Мага наркотиканы силерге ким берди? Каяктан алдыңар? Дагы ким силер менен кошо иштейт? Эгер, бизге айтып берсең сага жеңилдик болот камалбай чыгасың,- деп айтканда:
"Биз эки компания болуп иштейбиз, бизге Мурат товар берет, ал азыр Москвада метро Котельникиде квартирада, биз менен иштегендер бүгүн Воронежге алып баруу үчүн кеч чыгышат десем, машинанын номерин билесинби деп сураганда, номерин билбейм, бирок телефон номерин бере алам десем, айт номерин деди эле, жатка билбейм, телефонумда сакталган деп айтсам, бизди кармаганда телефонубузду алып койгон эле, менин алдыма үч телефонду алып келип, кайсы сеники деп сурап, өзүмүн телефонумду алып жандырып, Миргулдун номерин алып берүүмдү айтты. Мен телефондон Миргулдун номерин алып берерим менен телефонду өчүрүп, алып койду. Кечки саат сегизден өтүп Миргүл, жигити, жигитинин эжесин биз отурган отделениеге алып келип, бири бириңерди тааныйсынарбы деп көрсөткөндө, жок тааныбайбыз деп алар бизди тааныбаган адам болуп коюшту. Алар башка жерде кармалды, ошол жерден сурак берет деп үчөөнү бат эле алып кетип калышты. Муратты мен айткан адреске издеп барып, таппай келишиптир. Корсо биз жолго чыгаарыбыз менен ал Тажикстанга кеткенин аэропортко байланышып, билишти. Андан кийин ивс, сизодо бир жылдан ашык отуруп, жакында сотум болуп, мени төрт жылга эркимден ажыратты. Биз менен кармалган Салиянын жигити Аликти күнөөсүз, андан эч нерсе табылган жок деп эки күндөн кийин коюп жиберишкен. Мени сураган опер кызматкери башкаларды айтсаң сага жеңилдик болот деген сөзүнө туруп, мага наркотиканы ташыйт деп 228.1 часть 4 статья койбой, өзү наркотика колдонот деп 228.1часть 2 статья менен төрт жыл бергенин билдим, себеби бизден мочадан анализ алганда, наркотика чыкканы себеп болду. Мени менен кошо кармалган таякемдин кызы Салияга, таякем адвокат алып, көп акчасын кетирип атып, сот беш жарым жылга эркинен ажыратты, Ширин байкуш бир сом акча, эч кандай адвокат албай, тергөөчү менен иштешпей, тогуз жылга камалып кетти.
Автор: Салтанат Митиева.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев