Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Күүгүмдөп бара жатат сен жак тарап,
Күтөмүн деңиз бою жолуң карап.
Талашып бири биринен сүйүүлөрүн,
Толкундар ташка урунуп кайра кайтат.
Алыстан жалгыз кайык көрүнгөнсүйт,
Толкунду улам жиреп келе жаткан.
Шоокумдары толкундун шыбырашат,
Шоола болуп сүйүү чачкан сен тараптан.
Деңиздин толкун болгон кыясында.
Күн баратат батканы уясына.
Күүгүм калды жакындап мен жалгызмын,
Күткөнүмдү кантип жаным туясың аа?
Кара булут каптап барат асманды да,
Карек талып караймын толкундарды.
Келерсиң балким өзүң ай толгондо,
Эстесең биз экөөбүз жолукканды.
Билемин күткөнүңдү жолум карап,
Колдоруң саамайыңды сылай тарап.
Ак толкун ташка келип урунганда,
Бермет болгон сыныктарын улам санап.
Маматыса
Абдыкаимов
"Алай кайрыктары"
Ош шаары
14. 06. 2026 ж

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев