Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Балалыкта чумкуп улам киринип,
Моокум кана мөлтүр сууңду шимирип.
Биз жүргөнбүз айыл ичин чаңытып,
Эч ойдо жок келечекте тиргилик.
Бой жеткенде, ата-энелер жөнөткөн,
Билим ал деп, каалап бизге ийгилик.
Окуп келип элге кызмат кылдык го,
Ошондогу студенттер биригип.
Ошол кезге кайтып кайра баргым бар,
Ойноо кездин кучагында калгым бар.
Ээлеп алган бир мезгилдин баардыгын,
Эми кайтпайт аркасына ал жылдар.
Биз өзгөрдүк, мезгил турат өзгөрбөй,
Баарын тескеп эч бирин жөн өткөрбөй.
Балачактын баскан узак жолдорун,
Баратабы аттиң чиркин көз көрбөй.
Жылдар камтып кучагына баардыгын,
Жазат тура карылыктын жарлыгын.
Кетким келет аралап мен азыр да,
Кең талаалу айылымдын айдыңын.
Маматыса
Абдыкаимов
"Алай кайрыктары"
Ош шаары
16. 06. 2026 ж

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев