Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
РИЗА МЕНЕН ГҮЛСАНАТ
Ат менен Ала-Тоону ашкан кыздар,
Аталардын изи менен баскан кыздар.
Бир кездеги Үркүндүн жолу ушул деп,
Бүт ааламга тарыхты жазган кыздар.
Жакындатып Кыргыз менен Кытайды,
Жаңы ийгилик баштап келди кыздары.
Ойлондурат бардык эле кыргызды,
Отуз күндүк узун жолду басканы.
Кайрыма:
Риза менен Гулсанат,
Атыңар абдан жарашат.
Ашык болгон жигиттер,
Арбын болуп баратат.
Алдыңа жакын бара албай,
Айбыгып сени карашат.
Тал чыбыктай ийилишкен эки кыз,
Бозойлордо ачышты го жүрөк тыз.
Бийик кылып эки элдин достугун,
Бизге силер келин болуп калыңыз.
Баатыр кыздар бабалардын жолу менен,
Баралы деп жүрөктөрү дегдеген.
Жүз он жыл өткөн кезде Үркүнгө,
Жолугушту калың кыргыз эли менен.
Өз кызындай тосуп алып жерибиз,
Өзгөчө эле кубанды го элибиз.
Ушул келген эки кыргыз кыздарга,
Урмат сыйды көрсөтөлү эми биз.
Кайрыма:
Риза менен Гулсанат,
Атыңар абдан жарашат.
Ашык болгон жигиттер,
Арбын болуп баратат.
Алдыңа жакын бара албай,
Айбыгып сени карашат.
Тал чыбыктай ийилишкен эки кыз,
Бозойлордо ачышты го жүрөк тыз.
Бийик кылып эки элдин достугун,
Бизге силер келин болуп калыңыз.
Маматыса
Абдыкаимов
"Алай кайрыктары"
Ош шаары
21. 06. 2026 ж.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев