Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
1-БӨЛҮМҮ...
Бозоргон адырдагы жалгыз аяк жолдо эшек минген бала келе жатты. Күндө ушул жолдон суу алып өтөт. Канча жолу бирде өйдө, бирде ылдый өткөнүнө эсеби алдагачан жетпей калган. Дагы канча өтөөрү да белгисиз. Таятасы кайтыш болгондо 8 жашта эле. Ошол күндөн баштап бул иш баланын мойнундагы милдетине айланды. Башында жалгыз коркуп да жүрдү. Корккондо айласы барбы, үйдө өзүнөн бөлөк ишенер адам болбосо. Алдындагы эшеги тык токтоду. Ошондо гана бала селт эте чочуп башын көтөрдү. Булакка келип калыптыр. Алгач бети-колун жууп, андан соң кочушуна толтура сузуп алып кере жутту. Тиш какшаткан муздак суу мээсине чыга түштү.
- Ээ, коё турсаң боло,- тизелей калып суу ичип баштаган эшегине жетип барып ооздугун чыгарды. - Мына, эми ич.
Суу алып кайра кайткан жолдо өткөн күндөр эрксизден кайра эле көз алдына тартылды. Ушул кыя жолдо баланы эшекке мингизип, өзү жөө басчу таятасы.
- Таята, апам качан келет?
- Келет, балам. Апаң көп акча таап анан келет.
- Мага акчанын деле кереги жок, апам келсинчи. Айтыңызчы, уулуң сени сагынып жүрөт деп айтыңызчы.
Небересинин суроосун жоопсуз калтырган карыя көз жашын жең учу менен сүртөт.
- Көзүм тирүүсүндө ушул баланы өз энесине аман-эсен тапшырсам экен. Кокус улуу теңирге жол тартып кетсем кантээр экен балапаным. Ушунун кабыргасы каткыча аманатыңды тартпай коё тур, оо жаратканым.
- Таята, таята, тигине түлкү качты,- бала колу менен капталдагы топ караган тарапты көрсөттү.
- Аа жаныбар, балдары менен тура. Ушул тушта ийини бар көрүнөт.
- Ал жерде балдары менен чогуу жашайт да, ээ таята? А биз эмнеге апам, атам менен чогуу жашабайбыз? Сиз мага атаңды издеп таап берем дедиңиз эле го?- небересинин ушул суроосуна ар качан жооп таба албай кыйналат. Бүгүн да суу артылган эшекке небересин мингизип жетелеп алып жалгыз аяк жолдо илкип баратты.
Ушунун баарын эстегенде ичи ысып, буулугуп ыйлагысы келет баланын. Андан бери 3 жыл өттү. Ошондогу 8 жашар бала бүгүн 11ге чыкты. Таятасы кайтыш болгондон кийин таенеси да ал-күчтөн тайып, белинен кубаты кете түшкөн. Антсе да бир үйдүн тиричилигин өткөрүп келатат.
- Карааныңдан сенин сербейген, келип калдыңбы? Кечиктиң го, улам келчү жолуңду карай берип кабатыр болдум,- бөкчөйгөн кемпир небересин утурлап чыкты.
- Келдим, таене. Бүгүн эшекти жай айдадым.
- Мейли, иши кылса аман-эсен келдиң. Сууну түшүрүп үйгө кир, тамагыңды дайындап койдум.
- Таене, апам быйыл келеби?- дасторконго эми эле отургандагы баланын күтүүсүз суроосуна кемпир саамга элейе түштү.
- Келип калаар. Мени эстебесе да, сен үчүн келээр бир күнү. Эне кантип баланы сагынбасын.
- Мага качан чындыкты айтасыз, таене? Апам эмнеге мага келбей жүрөт? Менин атам ким? Эмнеге мени таштап кеткен? Мен эми кичинекей бала эмесмин. Баарын ачык билгим келет. Бүгүн айтып бериңиз, апам жөнүндө, атам жөнүндө баарын ачык айтыңыз.
- Таятаң бейиши болгур тирүү болгондо өзү айтып бербей беле. Сени бир аз жерден боорун көтөрүп адам болсун деп жүргөндө шум ажал тилегине жеткирбеди. Дагы чоңоё түшсөң анан айтаармын деп жүрдүм эле. Сурап калдың эми ук, кулунум,- кемпир аста көз кыйыгын салды. Небересинин көзүндөгү сагынычты, кусаны көрүп ичинен сызыла үшкүрүп алды.
- Атаң Бектен менен апаң бир мектепте окушкан. Кийин тагдыр буйруп баш кошуп калышты. Башында жакшы эле жашап жүрүштү. Анан сен төрөлдүң. Бирок Бектен ичкиликке берилип кетти. Үйүн, үй-бүлөсүн унутуп кээ күндөрү жумалап дайынсыз кетчү. Өлүгү кайсы сайда калды деп канча санааркадым. Бир күнү түн ичинде эшик катуу тарсылдады.
- Апаа, ачыңыз эшикти! Апааа!
- Айланайын кудурет, эмне балээ болуп кетти. Оо жараткан, өзүң сакта, - көлөчүнө чалынган эне калтыраган колдору менен илгичти ачып жиберди. Маңдайында чачы саксайып, бети-башына кан жайылган кызы туруптур. Кучагында чыркырап ыйлаган баласы. - Канымжан, эмне болду, кызым? Кебетең кантет? Келе баланы, кир батыраак үйгө.
Кызынын жарылган кашын, көгөрүп шишип ачылбай калган көзүн көргөн эне жанын коёрго жер таппай калды.
- Колуң сыңгыр ай, колуң сыңгыр. Ушунча да урабы. Айдай кызымды кордогон айбанды тирүүлөй жутпасам элеби. Эмне турасың сен, тап тиги зөөкүрдү. Кармат милицияга!
- Кой, байбиче. Ачууңду бир аз бас. Таң атсын. Эл бар, журт бар дегендей. Аксакалдардын алдына салып бир чечим кабыл алабыз эртең.
- Аксакалдарың эмнени чечет, ыя? Кызыңды бир күнү майып кылып же өлтүрүп койгондо эсеппи? Мындан аркысына чыдабайм. Элдей болуп көп балабыз болбосо же. Жалгыз кызыңды бирөөгө кор кылып коюп кантип тирүү басып жүрөсүң, - кемпири буркурап ыйлап жиберди.
- Келе мылтыкты!
- Кайсы мылтыкты?
- Кайсы мылтык болмок эле. Жүктүн астындагы беш атарды алып чык.
- Аны эмне кыласың түн ортосунда?- жамандыкты сезген эненин жүрөгү солк этти. - Кандай шумдукту баштаганы турасың?
- Тиги зөөкүрдү өз колум менен атып өлтүрөм.
- Айланайын, абышка, анте көрбө. Башыңды балээге калтырба. Атып салгыдай ал эмне чымчык беле. Анын да сурап алаары бар. Бир ачууңду мага бер, ниетиңден кайт.
Ал түнү эч кимиси уктаган жок. Уулун көкүрөгүнө бекем кысып улам чочуган Канымжан сыртка кулак түрүп коркуп жатты. Таң агарып, жерге жарык түшкөндө гана көзү илинип кетти.
Эрте турган эне уй саап, сүт бышырды. Казанга май куюп, 7 токоч салды. Алыста жүргөн уулунун, кызы Канымжандын, небересинин амандыгын тилеген ата-эне күбүрөп ичтеринен дуба кылган соң токочтон ооз тийишти.
- Кызың тура элекпи, байбиче?
- Таңга маал уктап кетти. Коңшу айылдан түн жамынып баласын бооруна кысып качып келген тура кургурум. Эл эмне десе ошо десин, өлтүрсөң да кайра жибербейм кызымды. Элден четин угуп калып жүрдүм эле, бирок мынчалык деп ойлогон эмес элем. Ажырашкан бул ааламда жалгыз менин кызым эместир.
- Өзүнөн бир ооз сурайлы. Ошого карап иш тутабыз. Бүгүн артынан баары бир бирөөсү келет.
Күн аркан бою көтөрүлүп калган кезде короонун четине бир атчан келип токтоду. Жалт караган Канымжандын жүрөгү атып кете жаздады.
- Апа! Келди!- үйгө чуркап кирип керебетте уктап жаткан уулун көтөрүп ала коюп жүктүн бурчуна жашынды.
-Сен чыкпа,- ордунан турган эне сыртты көздөй жөнөдү.
Бектен атын кашаанын четине байлап, камчысын сүйрөй үйдү көздөй басып келатыптыр.
- Арыбаңыз, эне,- капыл-тапыл алдынан чыга калган кайненесинен тайсалдай түштү Бектен.
- Чаап алчудай болуп эмне камчыңды сүйрөй түштүң? Кылгылыкты кылып коюп бети чымырабай келгенин алдыма. Келген жолуң менен кет, сага кошуп берчү кызым жок,- эненин үнү каргылданып, мууну калтырап кетти.
- Кечириңиз, иттик менден кетти. Бир аз ичип алган экем. Канымжанга колум тийип калды. Экинчи кайталанбайт, эне. Сөз берем сизге, - жакындап келген Бектендин оозунан арактын жыты урду.
- Жомогуңду сууга айт. Кечээгиң аздык кылгансып, бүгүн да ичип алдыма келипсиң уялбастан. Кет, кетип кал. Бөөдө убара болуп келипсиң, Канымжан бул үйдөн карыш да чыкпайт,- шарт бурулган эне эшикти жаап ичкери кирип кетти.
Барып эле аялы менен уулун алып жөнөйм деп келген жигит минтип кайненесинен кагуу жеген соң ачуусун минген атынан чыгарды. Байлоодон чечип шарт секирип минди да, удаа-удаа камчы басты. Жаны ачышкан жаныбар жылкы турган ордунан аткан октой сызып жөнөдү. Айылдагы абалаган иттер ар кайсы короодон чуркап чыгып, аттын чаңында калып жатты.
- Кудай урган неме го мына. Арка мойну астында калып өлөт экен,- арыктан суу буруп жүргөн кишинин бирөөсү кетменин көтөрүп жолдон чыга качты.
- Жин тийип кеткенсиген бул ким, ыя? Токточу, эээй бул тиги Бостон аванын коңшу айылдагы күйөө баласы го,- беденин четинде суу кечип турган экинчи киши күндөн көзүн калкалай чаап бараткан Бектендин артынан узата карады.
Айылдын чыга беришиндеги чакан дүкөнгө жеткенде аттын ооздугун катуу тартты. Күү менен келаткан ат эки-үч чимирилип, чаң уюлгутуп араң токтоду. Үзөңгүнү теппей секирип түшүп, дүкөндүн чала ачылып турган эшигин тарс эттире тээп ачып ичкери кирип барды.
- Арагың барбы? Куй!- алдында турган эки-үч адамды жөөлөп өтүп алдыга ынтылды.
- Ээ-хеей, мырза, жол болсун. Сен кайдан чыккан баатырсың?- артынан келген узун бойлуу бирөөсү Бектенди далысынан булкуп тартты.
- Колуңду ал! Ишиң болбосун менин ким экеним менен,- ызасы ансыз да башынан ашып турган Бектен аркынын колун катуу булкуп өзүнөн бошотту.
- Аста, аста, жигит. Конок көрүнөсүң, биздин айылдын мыйзамдарын билбегениңе караганда. Бат эле үйрөтүп коёбуз, анан конок койдон жоош болуп момурап каласың,- мунусунун сөзүнө арыда турган экөө арсалаңдап калп каткырып калышты.
- Мыйзамыңды урганым жок. Батыраак жогол көзүмдөн!
- Ошондойбу? Мммм.... Макул, жогол десең жоголом бат эле,- узун жигит ары бурулуп бараткан аралыкта күтүүсүздөн катуу муштум Бектендин бетине былч дей түштү. Ага удаа ичине тийген соккудан өзөрүп деми чыкпай бүк түштү. Үчөөлөп заматта тырпыратып басып калышты. Кулагы чуулдап барып, Бектен эсинен танып жатып калды. Өлгөн малды сүйрөгөнсүп, тиги үчөө колдон, буттан алып дүкөндөн чыгарышып колот жакка алып келип жерге жаткырышты да, арыда окуранып турган атты жетелеп келип, чылбырын ээсинин оң бутуна орой байлап салып шашылыш көздөн далдоо жоголушту. Дүкөнчү мунун баарын жүлжүйгөн кичинекей терезеден даана көрүп турду. Же басып келээрин, же таштап кетээрин билбей нес басып кыйла отурду. Акыры эртеңки ызы-чуусунан, доосунан чочулап эки жагын элеңдей карап дүкөндү жапты да, шашылып айыл тарапка жөнөдү.
Бетине чачылган муздак суудан араң көзүн ачты. Көк асман, каалгыган ак булуттар саамга көрүндү да, кайра туңгуюкка кирип кетти.
- Көзүңдү ач, эсиңе кел,- алыстан кулагына үн угула баштады. Бара-бара үн жакындан, даана угулду. Бектен аздан эсине келип бараткан эле.
- Мен кайдамын? Силер кимсиңер?- араң эрдин кыбыратты.
- Сен өзүң кимсиң? Эмне мында жатасың? Башка жактан келген немесиң го сыягы,- маңдайында ак топучан бала эңкейип карап туруптур. Колунда кичинекей желим идиш.
- Суу, суу бергиле.
- Башыңды бир аз көтөр,- бала тизелей калып суу жуткурду.
Калтыраган колдору менен жер таянып өйдө болгон Бектен бутуна байланган аттын чылбырын ошондо көрдү.
- Бирөөлөр чылбырды бутуңа ороп кетишиптир. Ат сүйрөп кетсин дешкен го. Атың акылдуу тура, былк этпей, үркпөй турганын карачы.
- Рахмат, иним, сен бара бер. Бир аздан кийин өзүм кетем.
Ак топучан бала кылчак-кылчак карап алдындагы козуларын айдап белден ашып көрүнбөй калды. Денесинин баары жанчылып ооруган Бектен бүгүнкү окуяларды эстеп, ушунун баарына Канымжанды күнөөлөп муштумун түйүп, тишин кычыратты. - Өлбөсөң колума бир тийерсиң.
Эки күндөн кийин айылдын үч аксакалын ээрчитип алып Бектендин ата-энеси Бостондун үйүнө келишти.
- Кагылайын, куда-кудагый, бир ачууңарды бизге бергиле. Балабыз бир аз туура эмес иш кылып коюптур. Өзү да күнөөлүү болуп өкүнүп отурат. Келинибиз менен неберебизди алып кетели,- дасторкон үстүндө Канымжандын кайнатасы сөз баштады.
- Мынча болбош керек эле, элге угулуп айылда уу-дуу кеп. Касиет, эстүү жансың. Кыска ойлуулук кылба. Турмушта мындай өйдө-төмөн нерсе болуп турат. Жөнөт кызды. Тагай уруунун кыздары эшик түртүп келген эмес, салтты бузба,- айылдын молдосу Канымжандарга алыскы тууган да болуп кетет. Мына бүгүн да Бостон менен Касиетти сүйлөтө койбой, кудалар тарап болуп туруп алды.
- Молдо аке, сизге туура эмес жеткиришкен окшойт. Кызым жөн жерден келген жок. Бети-башын жарып сабаганда түн жамынып качып келди,- Канымжанды апасы чыдабай көзүнүн жашын сүрттү.
- Эрден токмок жебеген кайсы аял бар экен. Кызың жумуртка беле тарс этип жарылып калгыдай. Энеси болушчаактын кызы ыйлаак дедиртпей тургун да кызыңды кошуп бер. Оомийин, сөз бүттү,- молдо бата кылды да, этегин кагынып сыртка жөнөдү.
Байкуш эне көзүнүн жашын көл кылып кылчактап кайнаталарынын коштоосунда узап бараткан кызын карап ичинен кан өтүп сыздап турду.
- Канымжан, эси жоктук кылдың. Карачы, ата-энеңди бүт айылга кеп-сөзгө калтырдың. Балаң менен кайда батмак элең. Керек болсо тууганың да сенден кутулгуча шашты,- кайненеси заардуу көзү менен жекире тиктеди да, алдындагы атына камчы салып, ылдамдата бастырды.
Чыныгы тозоктун баары эми башталды Канымжанга. Күнүгө, күн алыс мас келген Бектен эптеп шылтоо таап чыркыратып сабап жатып калат. Андайда кайненеси да көрсө көрмөксөнгө салып тетири карап басып кетет. Үйдүн түгөнбөгөн түйшүгүнөн, кайнененин каарынан да күйөөсүнүн кордугу келинди ыргайдай арыктатты. Сулуу жүзүнөн нур качып, сүлдөрү гана калды. Акыры бир күнү баласын таштап жылаңайлак качып чыкты. Коңшунун короосундагы жыйылган чөптүн түбүнө жашынган келинди бычак көтөрүп соём деген күйөөсү үйдү түп көтөрө аңтарып издеди. Бала үйдө калган үчүн кайра келет деп уктабай күттү. Канымжан азыр кайра кайтса бул үйдөн тирүү чыкпасына көзү жеткен соң, таң сөгүлүп жалгыз Чолпон жылдыз калган маалда мал айдаган ичке жолго салып учуп-күйүп чуркап баратты.
(Уландысы бар...)
Урматтуу окурмандар ушул чыгарманы окугансыздарбы? комментарий күтөбүз класс басканды унутпаңыздар...

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев