Свернуть поиск
Дополнительная колонка
Правая колонка
Иш-чараны Улуттук инвестиция агенттиги жана Соода-өнөр жай палатасы уюштурду.
Форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бизнес-чөйрөнүн, инвестициялык фонддордун, каржы институттарынын жана ШКУга мүчө өлкөлөрдүн эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү катышууда.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Улуттук инвестиция агенттигинин директору Равшанбек Сабиров, ошондой эле Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген өкүлдөр катышып жатат.
Форумдун алкагында саламаттык сактоо, фармацевтика тармагы, медициналык туризм, санариптик экономика, жасалма интеллект, электрондук соода, өнөр жай кооперациясы жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр талкууланууда.
Мындан тышкары, пленардык жыйындар, панелдик сессиялар, B2B жолугушуулар, инвестициялык көргөзмө жана маданий программа өткөрүлөт.
Форумдун жыйынтыгында биргелешкен резолюцияга жана бир катар келишимдерге кол коюу күтүлүүдө.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев